НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкеринин бюросу
НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкери, Түндүк атлантикалык союз менен алардын кызматташуусунун программасында аныкталган максаттарды колдоодо НАТО менен өнөктөштүктүн шаймандарын максималдык пайдаланууну камсыз кылуу максатында Борбордук Азиянын мамлекеттеринин мамлекеттик органдары менен түздөн түз иш алып барат.
Анча көп эмес штаттын жардамы менен НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкери НАТОнун жер-жерлердеги дипломатиялык иштерин аткарат жана НАТОнун Борбордук Азиянын мамлекеттери менен коргонууну пландаштыруу жана анализ, НАТОнун операцияларына колдоо көргөзүү, аскердик билим берүү жана даярдык, жарандык өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу, илимий жана экологиялык меселелер боюнча кызматташуу, о.э. коомдук дипломатия сыяктуу ар кандай багыттарда практикалык өз ара кызматташуусуна өбөлгө түзөт. Байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкер ошондой эле алакаларды түзөт жана аймактагы башка эл аралык субьектилер менен , анын ичинде НАТОнун мамлекеттеринин элчиликтери жана эл аралык уюмдар:Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы, Европадагы кызматташуу жана коопсуздук боюнча Уюм, Европа союзу жана Кызыл Крест Эл аралык комитети менен координация жүргүзөт.
Казакстан НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкерин кабыл алган Борбордук Азиядагы биринчи өнөктөш болуп калды. 2013-жылдын мартынан баштап НАТОнун бул кызматкери Өзбекстанда жайгашты, анын Бюросу дипломатиялык өкүлчүлүк катары аккредитацияланган.
НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкеринин бюросу
Миссиясы
- НАТОну Борбордук Азияга тааныштыруу.
- Борбордук Азиядагы өнөктөш-мамлекеттер менен диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү кеңейтүү.
- Тынчык үчүн Өнөктөштүктүн алкагында практикалык кызматташууга жардам берүү.
Милдеттери
- Өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну бекемдөө үчүн Борбордук Азиянын бийликтеринин арасында НАТО, алардын союздаштары жана өнөктөштөрү менен байланышты чыңдоо.
- НАТОнун ар бир өнөктөш менен кызматташуусунун жекече программасында айтылган максаттарды колдоо үчүн практикалык ишмердүүлүктү жогорулатууда НАТО менен Борбордук Азиядагы өнөктөштөргө кеңеш берүү жана көмөк көргөзүү.
- ISAF транзит маселелери боюнча НАТО менен союздаштарын колдоо.
- Борбордук Азиядагы өнөктөш-мамлекеттердин жарандык коомдору менен коомдук дипломатиялык бирдиктүү иш аракеттер боюнча иш чараларды өткөрүү.
- Борбордук Азиядагы башка эл аралык субьекттер менен байланышуу (элчиликтер, эл аралык уюмдар) .
- НАТО менен аймактагы Союздаштарга эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду, иш чараларды жана иш сапарларды уюштурууга көмөк көргөзүү.
Жалпы уюштуруу маалыматтары
- НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматкеринин бюросу 2013-жылы июлда аккредитацияланган жана 2013-жылдын август айынан бери иштеп жатат.
- Кызматтагы персонал: 4 адам
- Байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча НАТОнун кызматкери/ Өкүлчүлүктүн
башчысы (НАТОнун Эл аралык секретариатынын жарандык кызматкери); - Транзит маселелери боюнча кызматкер (Литва Республикасы тарабынан аккредитацияланган улуттук жарандык эксперт);
- Ошол жерден тартылган аткаруучу жардамчылык 1 орун;
- Ошол жерден тартылган админстративдик маселелер боюнча жардамчылык 1 орун/офис-менеджер.
- Байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча НАТОнун кызматкери/ Өкүлчүлүктүн
Байланыштар:
Эл аралык Бизнес Центр (11-кабат)
Амир Тимур проспектиси, 107 Б
100084 Ташкент
Өзбекстан Республикасы
Тел.: +998 (71) 234 45 07
Факс: +998 (71) 234 72 07
E-mail: NLOCentralAsia@hq.nato.int