Кыргызстан Республикасы менен НАТО ортосундагы карым-катышы

  • Last updated 12-Mar-2009 15:19

Кыргызстан НАТО (Түндүк Атлантикалык Альянс Уюму) менен Тынчтык үчүн Шериктештик жана Евро-Атлантикалык Шериктик Кеңеши (EAPC) аркылуу кызматташат. Регионалдык жана глобалдык коопсуздуктун деңгээлин чыңдоо максатында НАТО менен Кыргызстандын кызматташтыгы иш жүзүндө көп тармактарда өнүктүрүлдү. Кыргызстан менен НАТОнун кызматташтык программасы Жекече Шериктештик Программасында (IPP) көрсөтүлгөн.

Кызматташтык иш жүзүндө кандай өтүп жатат?

Евро-Атлантикалык Шериктештик Кеңештин (EAPC) астында кызуу маек курулуп өтөт. НАТО Генералдык Секретардын Кавказ жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Роберт Ф.Симмонс, Кыргызстанга тынымсыз келип кетүүлөрдүн арасында анын башкаруучулар менен жогорку даражадагы саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. НАТОнун Борбордук Азия боюнча Байланыштар Кызматчысы да Бишкекке дайым келип- кетип, өкмөт менен кызматташтыкты өтүп жатканын байкап турат.

НАТО жана Кыргызстандын ортосунда кызматташтыгы эки жылдык мөөнөткө убадалашып бекитилген Жекече Шериктештик Программа (IPP) негизинде бир нече аймактарды камтып, иш жүзүндө өсүп-өнүгүү жолун өтөмөк. Анда эң эле урунттуу аймактардын арасында коопсуздук жана тынчтык сактоо кызматташтыгы, атап айтканда, терроризмге каршы биргелешкен аракеттери, чек ара тийбестиги, кризис жоюуда жана жарандык өзгөчө кырдаалда пландаштыруу иштери болуп атат. 2007 жылы өлкө TҮШ Пландаштыруу жана Талдоо Процессине (ПАРП) Альянс мүчөлөрү менен согуш маселелер жана коргоо пландаштыруу демилгелер үстүндө тыкыз байланышта иштөөгө кошулган болчу. НАТО Афганстанда жүргүзгөн Эл аралык коргоо колдоо (ИСАФ) миссиясына колдоо кылуу иретинде Бишкектин чет чакада орношкон Манас базасын анын Альянс мүчөлөрүнө пайдаланууга бергени ИСАФ миссиясынын ийгиликтүү өтүшүнө Кыргызстандын кошкон салымы болду.

Коопсуздук кызматташтыгы

Кыргызстан бир нече ТҮШ окууларына катышып чыкты. Кыргыз өкмөтү НАТО/ТҮШ операцияларына, машыгуу менен окууларга катышуусу милдеттелген бир топ аскер бирдиктерди дайындады. Катышуу керек болгон учурда, ага ар дайым өкмөттүн чечими талап кылынат. Бирдиктерге жөө аскерлердин тобу, атайын терроризмге каршы жана тынчтыкты коргоого боюнча машыккан Улуттук Гвардиянын взводу жана бир нече чек-арачылардын тобу кирет. Кыргызстан андан тышкары НАТО мүчөлөрү менен жерди миналардан арылтуу боюнча кызматташтыгын кеңейтүүнү максат кылат.

Коргоо жана коопсуздук сектордун реформасы

Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн реформалоо процессин Альянс мүчөлөрү менен кеңешип жүргүзүүдө. 2007 жылы Кыргызстан кошулган ПАРПтын өкмөткө реформа пландарын жана аракеттерин өнүктүрүүдө жардам бергидей кыйла мүмкүнчүлүгү бар. Бул реформалар Кыргызстандан тынчтык коргоо жана башка НАТО күчтөрү катышкан операцияларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруусу зарыл.

Кыргызстан тоолуу аймактарда издөө жана куткаруу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда, өзгөчө бул жөрөлгө аскердик күчтөрүнүн башкаруу түзүлүштөрүндө да байкалууда. Аскердик билимдүүлүк бул процесстер үчүн мааниси зор жана анын маанисин бул аймактагы кызматташтыгы менен чектелбестен, бир нече башка аймактарга да өз таасирин тийгизет, атап айтканда, чет тилдерге үйрөнүү, адам издөө жана куткаруу ыкмаларын билүү жана машыгуу иштерин өткөрүү, чек араны коргоо жана анын сактыгы, куралдуу чыр-чатактарда колдонулуучу мыйзамдарды жана жаран укуктарын өздөштүрүү.

Жарандык өзгөчө кырдаалда пландаштыруу

Жарандык өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу Кыргызстан үчүн кызматташтыктын жол-жоболуу маселелердин бири болуп жатат. Альянс мүчөлөрүнүн жардамы менен өлкө табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу аракеттеринин пайдалуулугун арттыруу жагын өздөштүрүп жатат. Кыргызстандын өзгөчө илим жана техникалык кызматташтыкка кызыкчылыгы абдан зор, жана Евро-Атлантикалык Кырсыктарга туруштук берүү Координациялык Борборунун (EADRCC) камсыз кылган механизмдери өзгөчө мааниге ээ.

НАТОнун Обераммергаудагы Мектебинин семинарларына жана НАТО штаб-квартирасында өтө турган талкуулорго катышууга жиберген.

Илим жана айлана-чөйрө

Кыргызстандык илимпоздор НАТОнун Тынчтык жана Коопсуздук үчүн Илим программасында көрсөтүлгөн адистиктер боюнча бир нече гранттарга ээ болушту.  “Бийик тоолуу медицина жана биология" темасына арналган алдыңкы илимий-изилдөө семинары Ысык-Көлдө 2006 жылдын июль айында өттү. Кыргызстан урандын иштеп чыгарылуусунун жаратылышка тийгизген таасири жана башка жаратылышты коргоо маселелерин НАТО жана башка Шериктештик өлкөлөр менен бирдикте чечүүдө.

Кавказ жана Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын жана илимий-изилдөө топторунун спутник аркылуу интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргызстан Виртуалдык Жибек Жолу проектине катышууда.

Коомдук маалымат

Кыргызстан жана НАТО коомчулукка НАТО жөнүндө түшүнүктү жана кызматташтыктын мааниси жөнүндөгү маалыматты кеңейтүү максатында биргелешип иштөөдө. Канчалык коомдо коргоо жана коопсуздук реформалардын мааниси жеткиликтүү түшүндүрүлүп берилсе, ошончолук алар анын колдоого ээ болот, деген түшүнүктө өлкөнүн бул тарапта кылган иши зор.  

Университеттер, өкмөттүк эмес уюмдар, пресса жана медиа менен Альянс жана Евро-Атлантикалык коопсуздук проблемалар жөнүндө түшүнүк алуу иретинде байланыш тармактары түзүлүп, чыңалууда. Мисалы үчүн 2007 жылдын ноябрында Кыргызстан Евро-Атлантикалык Жаштар Форумун өткөздү.

НАТО коопсуздук жана коргоо проблемаларды өздөштүрүүдө билим алуу аракеттерин колдоого алуу менен бирге, Кыргызстан менен коопсуздукка тиешеси бар документтерди коомго жеткирүү максатындагы аракеттери абдан зор.

Кыргызстан менен карым-катышы кандай өнүктү?

Кыргызстан Түндүк Атлантикалык Кызматташтык Кеңешине (ал 1997 жылдан бери Евро-Атлантикалык Шериктештик Кеңеши болуп аталып келген) 1992 жылы кошулду. 1994 жылы мүдөөлөрү тең келген аймактарда Альянс мүчөлөрү менен кошо иштөө максатында өлкө Тынчык үчүн Шериктештикке өттү. ТҮШ кошулгандан кийин Кыргызстан ТҮШ окууларында катышып, анда башкарууга, жарандык өзгөчө кырдаалда иштерди пландаштыруу жана жарандар менен согушчандардын арасында өз ара кызматташтыгына атайын көңүл бөлүнгөн болчу.

1992 Түндүк Атлантикалык Кызматташык Кеңешине (ал 1997 жылдан бери Евро-Атлантикалык Шериктештик Кеңеши аталды) кошулду.
1994 Кыргызстан Тынчтык үчүн Шериктештикке кошулду.
2000 НАТОнун Генералдык Секретары Кыргызстанга келиши
2003 Кыргызстан Виртуалдык Жибек Жолуна байланышты.
2004 НАТОнун Генералдык Секретары Кыргызстанга келиши
2006 Альянс мүчөлөрү Кыргызстанга EADRCC аркылуу түштүк райондорду оор каар каптап, анын кесепеттерин жоюуда жардам берип жатат
2007 Кыргызстан ТҮШ Пландаштыруу жана Талдоо Процессине (ПАРП) кошулду.
  Кыргызстан ЕАРС Жаштар Форумун ноябрь айында өткөздү.