НАТО Борбор Азиянын жана Афганистандын жаш дипломаттары үчүн алгачкы региондук жайкы мектепке колдоо көрсөтөт

  • 03 Jun. 2015 - 07 June 2015
  • |
  • Last updated 23-Jun-2015 14:37

7-июнда Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде Борбор Азиянын, Афганистандын жана Монголиянын жаш дипломаттары үчүн алгачкы жайкы мектеп ачылды. Он күндүк курстун темасы «XXI кылымдын дипломатиясы: Борбор Азия ааламдашуунун контекстинде».

Иш-чарага Афганистандан, Казакстандан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан 22 өкүл катышты. Катышуучулардын баары биринчи катчыдан төмөн рангдагы, дипломатия, эл аралык мамилелер, экономика, коопсуздук, укук жана саясат таануу жаатында тажрыйбасы бар талапкерлердин ичинен  конкурстук негизде тандалып алынган.

Кыргыз Республикасынын ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору Нурлан Айтмурзаев ачылышка төрагалык кылды, ал эми НАТОнун Борбор Азия мамлекеттери менен байланыш жана өз ара аракеттенишүү боюнча кызматкери Александр Винников НАТОнун Борбор Азия жана Афганистандагы өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө баяндама жасады. Ачылышта Кыргызстандагы БУУнун резидент-координатору Александр Аванесов, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын элчилери, ошондой эле Монголиянын башкы консулу чыгып сүйлөштү.

Курстун жүрүшүндө жогорку кызматтагы адамдар, элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана илимий эксперттер лекцияларды окуп жана сабак өткөрүштү. Угуучулар НАТОнун өкүлдөрүнөн Түндүк атлантик союзу жана анын өнөктөштөрү жөнүндө маалыматтарды алышты, ага кошумча катары Дүйнөлүк банктын кызмат адамдарынан эл аралык өнүгүү; жаңжалдардын алдын алуу жана кризистерди жөнгө салуу жөнүндө – БУУнун Өнүктүрүү программасынын кызматчыларынан  маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилди.  Региондук коопсуздук жана Фергана өрөөнү жөнүндө – ЕККУнун кызматчыларынан; Кошмо Штаттардын Борбор Азиядагы тышкы саясаты жана “Жаңы Жибек Жолу демилгеси” жөнүндө – АКШнын элчилигинин жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин кызматкерлеринен; региондук долбоорлор жана Борбор Азиядагы интеграциялык процесстер жөнүндө – Россия Федерациясынын элчилигинин кызматкерлеринен жана Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер университетинин окутуучуларынан; ЕС менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтык жөнүндө, ошондой эле сүйлөшүүлөр жана диалог жөнүндө – Франция менен Эстониянын эксперттеринен алышты.

Башка региондордо, анын ичинен Балканда өткөн ушуга окшош жайкы мектептердин тажрыйбасына таянып, региондук кызматташуу үчүн зарыл платформаны берүү менен жана тышкы саясат жаатындагы адистердин арасында байланыштарды жөнгө салуу менен бул курс адистердин билимдерин жогорулатуучу ар жылдык иш-чара болуп калуусу мүмкүн.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академия тарабынан НАТОнун Коомдук дипломатия башкармалыгы, НАТОнун Борбор Азия жана Афганистан менен байланыш жана өз ара аракеттенишүү боюнча кызматкеринин бюросу, Кыргызстандагы БУУӨП жана Бишкектеги ЕККУнун борбору менен бирге уюштурулган.

Кыргызстандын бийликтери менен диалогду улантуу

Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенишүү боюнча кызматкери Бишкекте аккредитацияланган НАТО өлкөлөрүнүн элчиликтери, ошондой эле БУУӨП, БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия региондук бөлүмүнүн өкүлдөрү, Европа союзунун жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун делегациялары менен бирдиктүү кызыгууну жараткан жана Кыргызстанга жана жалпы дүйнөгө тиешелүү темаларды талкуулоо үчүн жолугушту.

Мындан тышкары, Винников мырза КР Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары, тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев менен жана парламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен жолугушууларды өткөрдү. Мырза Винниковдун мурдагы иш сапары учурунда башталган талкуулар НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагындагы эки тараптуу кызматташууга, НАТОнун Кыргызстанда иштеп жаткан программаларын өнүктүрүүгө жана келечектеги программаларды иштеп чыгууга, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты жараткан региондогу коопсуздук, анын ичинен Афганистан, Жакынкы Чыгыш жана Украинадагы жагдайга тиешелүү маселелерге арналды.

Мындан тышкары, НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенишүү боюнча кызматкери аракеттеги аскер кызматчылары үчүн жакында ачылган НАТО-Кыргызстан англис тилине окутуу боюнча программасына барды, ал жерде курстун катышуучулары жана мугалимдери менен диалог жүргүздү. Ушул эле аптанын ичинде НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенишүү боюнча кызматкеринин бюросу Бишкектеги “Манас” Кыргыз-Түрк университетинде өткөн “Борбор Азиядагы саясат жана эл аралык мамилелер” темасындагы региондук эксперттердин конференциясына колдоо көрсөттү жана анын ишине катышты.