Жаш элчилер үчүн эл аралык жайкы мектеп

  • 27 Jun. 2016 - 27 June 2016
  • |
  • Last updated 20-Jul-2016 14:20

2016 жылдын 27 июнунда Ысык-Көл көлүнүн жээгинде Борбор Азия өлкөлөрү менен байланышуу жана ич ара иштешүү боюнча НАТО Бюросунун Кыргызстандагы жетекчиси Розария Пульизи жаш элчилер үчүн экинчи Эл аралык жайкы мектептин ачылыш аземине катышты.Иш чарага Борбор Азия, Ооганстан жана Монголия өлкөлөрүнөн келген 21 өкүл катышышты.

Бир жуманын ичинде жаш дипломаттар элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен ошондой эле жогорку кызматтагы кыргыз дипломаттары менен жолугушуп жатышты. Алар регионалдык коопсуздуктан тартып тынчтыкты курууга чейин, туруктуу өнүгүүдөн тартып адамдын укугуна чейин, исламдык радикализмден тартып качкындарды коргоого алууга чейинки көйгөйлөрдү карап чыгышты. Андан тышкары, курс келечекте чечимдерди кабыл алуучу болочок жактар үчүн өздөрүнүн кесиптештери менен байланыш түзүп коңшу өлкөлөрдү түшүнүүсүн тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди.

Региондогу НАТОнун орду тууралуу сөз кылып жатып Борбор Азия өлкөлөрү менен байланышуу жана ич ара иштешүү боюнча НАТО Бюросунун жетекчиси тиешелүү жетекчилик,  эффективдүүлүк жана отчеттуулук, анын ичинде коопсуздук тармагында дагы, өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик берүүнүн олуттуу элементтери болоорун баса белгиледи.”Куралдуу күчтөрдөгү паракорчулук менен күрөшүүгө же болбосо аскерий билим берүү системасын реформалоого жардам берүү менен НАТО өзүнүн шериктештеринин, анын ичинде Борбор Азиянын коргонуу потенциалын бекемдөөдө катышып жатат”, - деди Пульизи айым.

Жайкы мектеп Кыргызстандын Дипломатиялык академиясы тараптан НАТОнун, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдарынын финансылык колдоосу менен уюшулду.