НАТО Кыргызстан менен кызматташтыктын 20 жылдыгын белгилейт

  • 10 Nov. 2014 - 14 November 2014
  • |
  • Last updated 27-Nov-2014 10:31

10-ноябрдан 14-ноябрга чейин Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» (ТҮӨ) НАТО менен кызматташтык программасынын 20 жылдыгына арналган иш-чаралардын сериясы болуп өттү.

эксперттердин кыскача отчетторун угушту. Катышуучулар прогресс жөнүндө жана 2014-жылдан кийин Афганистан үчүн боло турган чакырыктар тууралуу пикир алмашышып, Борбордук Азиядагы коңшу өлкөлөр тарабынан Афганистанда тынчтыкты колдоого алуунун жолдорун карап чыгышты.

Кыргызстандагы НАТОнун алгачкы депозитардык китепканасы 2009-жылдан баштап КР ТИМинин Дипломатиялык академиясында жайгашкан. Ушул жылдын ноябрь айында Борбор Азиядагы Америка Университетинде (БААУ) ушул сыяктуу объект, эл аралык мамилелер, региондук коопсуздук жана жаңжалдардын алдын алуу боюнча акыркы маалымат материалдары менен студенттерди, изилдөөчүлөрдү жана кеңири коомчулукту тааныштыруу максатын көздөгөн НАТОнун мултимедиялык бурчу ачылды.  

БААУдагы ачылыш салтанынтында Борбор Азиядагы өлкөлөр менен байланыштуу жана өз ара аракеттенишүү боюнча НАТОнун кызматкери Александр Винников лекциялардын жаңы циклин ачып, аны “НАТОнун борборазиялык өнөктөштөрү жана Афганистан менен өз ара аракеттенишүүсү: саммиттен кийинки, ИСАФ аскерлери чыгарылгандан кийинки жагдай” темасындагы маектешүү менен баштады. Чыгып сүйлөө студенттер менен суроо-жооп формасында маектешүү менен аяктады.

Жогорку кызмат адамдары менен кеңешмелер

Борбор Азиядагы өлкөлөр менен байланыштуу жана өз ара аракеттенишүү боюнча НАТОнун кызматкери Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда өкмөттүн өкүлдөрү менен ТҮӨ программасынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча, ошондой эле жалпы кызыкчылыктагы региондук коопсуздук маселелери боюнча, анын ичинде Афганистандагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы жагдай боюнча кеңешмелерди өткөрдү.  Ал КР Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Кубанычбек Орозбаев, КР Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев, Коргоо министринин биринчи орун басары Замир Суеркулов, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев менен жолугушту.

Мындан тышкары, мырза Винников Кыргызстандын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Чынара Эсенгул жана союздаш-өлкөлөрдүн элчиликтеринин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен саясий, экономикалык чакырыктар, ошондой эле Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын алдында турган коопсуздук чакырыктар тууралуу пикир алмашты.  

Links