НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен байланышы жана өз ара аракеттешүү боюнча Бюросунун башчысы Кыргызстанга иш сапары менен келди
НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен байланышы жана өз ара аракеттешүү боюнча Бюросунун кызматкери / Бюро башчысы Александр Винников Кыргызстанда 9-11- июлда иш сапары менен болду. Бул анын 2013-жылы кызматка дайындалгандан берки биздин мамлекетке 4-жолку сапары.
НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен байланышы жана өз ара аракеттешүү боюнча Бюросунун кызматкери Александр Винников (солдо) Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын Проректору, профессор Кайрат Осмоналиев
Иш сапардын жүрүшүндө Винников мырза Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы орнотулган эки тараптуу диалог менен кызматташууну кайра кароо жана баалоо үчүн Кыргызстандын коргоо министрлигинин жетектөөчү курамынын жана тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар Тынчтык үчүн Өнөктөштүк (ТҮӨ) программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан күнүмдүк жана пландаштырылган иш чараларды, о.э. Афганистандагы кырдаалды жана анын өнүгүү келечегин талкуулашты.
Винников мырза кызматынан бошогон аскер кызматчыларынын социалдык жана кайра даярдоо үчүн НАТО-Кыргызстан программасын имплементациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
2009-жылы кое берилген бул программанын аркасында, коопсуздук тармагындагы 500гө жакын кызматкерлер англис тили, маалыматтык технологиялар жана башкаруу билими сыяктуу багыттар боюнча окуудан өтүштү, бул алардын жарандык чөйрөдө иш менен камсыз болуусуна жардам берди. Бул программа НАТО тарабынан каржыланат; азыркы учурда ал Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылууда, ал эми Кыргызстандын бийлигинин активдүү колдоосунун алдында жакында Каракол шаарын да камтыйт.
Бишкекте болгон кезинде, НАТО Бюросунун башчысы Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун Аймактык борбору тарабынан уюштурулган, «Борбордук Азиядагы террорчулукка каршы аракет көрүүдө массалык маалымат каражаттарын тартуу» темасында өткөн регионалдык семинарга катышты.
Винников мырза НАТОнун контакттык элчиликтеринин башчылары жана Кыргызстанда аккредитацияланган айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.